Элчилик: "Орусияда кампада чыккан өрттө жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок"

Москва облусунун Люберец районундагы Машково айылындагы кампада Кыргыз жарандары иштеп келген. Өрт кырсыгы болгондон кийин 28-февралда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкери окуя орун алган жерге барды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

"Жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экени аныкталды. Эки ишкананын кампаларында 8 Кыргыз жараны иштейт. Алар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алар өрткө байланыштуу кызматкерлердин саны кыскарышы мүмкүндүгүн айтышып, кооптонууларын билдиришти. Элчиликтин кызматкери жумуш берүүчү тарап менен сүйлөштү. Алар Кыргыз жарандарын жумуштан кетирбей турганын айтышты. Абал элчиликтин көзөмөлүндө болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан