Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова 28- февралда, БУУнун Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдар боюнча аймактык түзүмдүк директору Ингиборг Солрун Гисладоттир менен жолугушту. Алар өлкөдөгү гендердик саясатка байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз өлкөсү постсоветтик өлкөлөрдүн арасында биринчилерден болуп, "Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдигинин негизи жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алган. Анда парламентке аялдардын орду үчүн квотанын нормалары камтылган. Эрте куракта турмуш куруу жана кыздарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүү максатында БУУ бир катар Конвенцияларын ратификациялаган. 2010-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынган. Ар үч жыл сайын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш аракеттеги план иштелип чыгат. Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш аракеттеги планында 2015-2017-жылдардагы иш-чаралар аялдарга жана кыздарга карата басмырлоонун бардык түрүн жокко чыгаруу, жашы жете электерге нике тажырыйбасын жоюу боюнча Комитеттин сунуштарынын 70 пайызы киргизилген", - деди Чолпон Султанбекова.
Өз кезегинде Ингиборг Солрун Гисладоттир Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан гендердик саясат менен байланышкан маселелер боюнча жакшы өзгөрүүлөр бар экендигин белгиледи.
"Акыркы жылдары Кыргызстанда көптөгөн жетишкендиктер бар экенин көрдүм, айрыкча гендердик теңчиликке байланышкан өлкөнүн мыйзам базасы жакшырган. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.