Сауд Арабиянын Жидда шаарында кыргыздын боз үйү тигилди

Сауд Арабиядагы Жидда шаарына кыргыздын боз үйү тигилди. Бул тууралуу мекендешибиз Азамат Кармышаков SUPER.KG порталына бүгүн, 1-мартта билдирди.
"Боз үйдү Саид Баюми деген Кыргыз өлкөсүндө жашаган Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын негиздөөчүсү белек кылып 3-4 жыл мурун бул жердеги шейхке жөнөткөн экен. Белектин ээси бизди атайын чакыртып боз үйдү тиктирди. Тилекке каршы, эшиги жоголуп кетиптир, бирок арабиялыктар боз үйдүн ичинен түндүктү караганда, асман өзгөчө көрүнөрүн айтышып, таң калышууда. Буюрса, кыргыздын боз үйүн Арабияга дагы да таратабыз", - деди А.Кармышаков.
Эскерте кетсек, Саид Баюми Катардагы Доха шаарындагы шейхтердин бирине да боз үй белек кылган. Боз үй 2-3 жылдан кийин гана тигилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
12.12.12
2017-03-01 10:12:07
Жакшы да ысыкта ичи салкын, кышында жылуу. Экологиялык жакта таза, таза жүндон жасалган үй.
+3
kama_future_millioner
2017-03-01 13:44:58
Жакшыгоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан