Чүйдө классташтары тарабынан сабалган Милананын абалы учурда жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына окуучу кыздын таенеси Жаңылкан Бегалиева билдирди.
"Неберемдин абалы турукташып, бейтапканадан чыгарылды. Учурда дарыгерлердин берген көрсөтмөсү менен кошумча дары ичип жатат. Мектепте аны классташтары жакшы кабыл алып, окуп жатат. Биз болсо балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, мамилебиз жакшырды. Жакында окуя боюнча жазылган арызды кайтарып алабыз", - деп билдирди Бегалиева.
Окуучу кыздын абалы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда алар кыздын ден соолугу калыбына келип калганын айтышты.
Эске салсак, буга чейин Милана Бейшенбаева классташ кыздары тарабынан сабалып, баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.