Өлкө жарандары 4 даана ок атуучу куралды өз ыктыяры менен милицияга тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Б.Е. аттуу тургун Кара-Балта шаарындагы көмүр кампасы тараптан "Valtro" үлгүсүндөгү курал таап алып, өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген.
"Сузак районунун М.А. аттуу 52 жаштагы тургуну атасынын аң уулоочу куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Ошондой эле 23 жаштагы И.А. аттуу Жайыл районунун тургуну “ИЖ-38-П” үлгүсүндөгү куралын жергиликтүү укук коргоо кызматына берген. Мындан сырткары Кемин районунун 30 жаштагы Б.М. аттуу тургуну өз ыктыяры менен “Калашников” үлгүсүндөгү куралды тапшырган", - деп билдирди басма сөз кызматы.