Илим Карыпбековго операция жасалды

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, Илим Карыпбековго жасалган операция эки саатка созулду. Ага керектүү дары-дармектер жетиштүү. Бул тууралуу 1-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун консультанты Елена Баялинова жазды.

Маалым болгондой кырсык тууралуу "Тез жардам" кызматына саат 03:12де кабар келген. Жандандыруу бригадасы 12 мүнөттөн кийин окуя болгон жерге барышкан. Ооруканага алып бара жатканда Карыпбековдун жүрөгү токтоп калганынан улам жандандыруу аракетин көрүшкөн. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы дале оор бойдон калууда. Буга чейин дарыгерлер Карыпбековдун жашоосу үчүн күрөшүп жатышканы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
omka100514
2017-03-01 11:17:05
Айыгып кетсин, Аллахым шыпаасын берип
0
Seryi-Kardinal
2017-03-01 11:20:23
sakaiyp ketsin tezireek
0
aigerimosh
2017-03-01 11:22:53
Айыгып кетсин.Негизи чындыкты көп чыркыраткан кудайга жакпайт.
+7
meni_kut
2017-03-01 11:48:40
Жакшы адилеттуу адам бол,кырсыктасан башкалар таба кылбаш учун.Бул соз баарыбызга тиешелуу.
+5
meni_kut
2017-03-01 11:51:49
Илим мырза айыгып беш убак намазга жыгылып,жакындарыны суйунтуп мандайында болсо экен.Алла узун омур берсин,билип билбей кылган куноолорун кечирсин
+3
islam14
2017-03-01 11:51:58
Озу айткандай жол эле куноолу болсун!Айыгып кетсин!
-1
modern-group
2017-03-01 12:06:40
спирт ичимдик ичкени туралуу маалымат жок экенби супер-инфо? тунку саат 3 тор чамасында соо адам кырсыкка учурабаса керек менимче
+5
Azizbekbek
2017-03-01 12:27:15
Чынында эле ктр калыс болбой калган эле эл ишенет боло берет деп эл азыр мурункудай эмес калппы чынбы айырмалап калышкан мейли эми Илим Карыпбеков айыгып кетсин жаман иш болуптур эчким кырсыкка кабылбасын
+4
salimbek87.kg
2017-03-01 12:37:48
Кечиресинер достор бул инсан ким болот таныбайт экем.Ким болсода сакайып кетсин баарыбыз пендебиз.
-1
KGstan1981
2017-03-01 12:47:36
Абдил Сегизбаев Атамбаев экоонор ашыкча эле кооп кетинер сен дагын ойлонуп иш кыл Аллахтын каргышы сага дагын тийбесин.
+7
Mers124
2017-03-01 13:00:21
Сегизбаев эч кимди көзгө илбей көзүн май басыптыр го.
+4
Gena1
2017-03-01 13:09:42
Жакшы болуп кетсин деген создорго деле учтон минус. Бироонун жон гана мусулмандык парзын аткарып, жакшы болуп кетсин ким болсо да деген созуно да минус баскандар пейилди кенен кылгыла. Кырсыкка учураган бироо жакшы болуп кетпесе эле силерге жаман кийими калып калабы?
0
KGstan1981
2017-03-01 13:16:57
Gena1,Кана ким минус басты айтчы.Мен Илимди баатырак сакайып кетишин каалайм.Просто бул жерде Атамбаев Илимди пешка катары колдонуп жатат.Кудай сактасын эгерде операциядан кийин Илим ишке жараксыз болуп калса анда Атамбаев Илимди бат эле унутуп салат ордуна дагын бир Илимге окшогон пешканы таба койот.Кана коробуз Атамбаев Илимдин жанына барып ден солугуну срай бекен убакыт корсото.
+2
abdykadyrova
2017-03-01 13:56:11
Эгерде И.К. президентке каршы чыкса аны эртен эле жумушсуз калтырат. Азыл любой эле адам отурган жылуу жерин сактап калгысы келет . Илимдин ордуна силер болсонор деле ошентет эленер. Нары жакта жатып алып эле озунчо акылман боло бербей иш жузундо корсотбойсунорбу. кырсык деген каш-кабактын ортосунда деп коет. Азыр 5муроттон кийин эмне болору белгисиз.
+1
aiba_00
2017-03-01 14:16:38
Столба болбогондо жаракаты женилиреек болот беле, башы катуу тийген болуш керек, жакшы болуп кетсин.
-1
Ananai
2017-03-01 16:05:25
Туугандар кырсыкты табалабай эле койгула.Силердин башынарга да ушундай кырсык келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.Баары Алладан.Жакшы болсо да жаман болсо да кудай сактаптыр,сакайып кетсин батыраак.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан