Бугa чейин "Элдик кабар" рубрикасы аркылуу окурмандар Ош-Ноокат жана Ноокат-Кызыл-Кыя жолдорунун абалы тууралуу нааразычылыгын билдиришкен. Бүгүн, 1-мартта Транспорт жана жолдор министрлиги быйыл аталган жолдорду оңдоо боюнча иштер жүрөрүн билдирди.
"Быйылкы жылдын эсебинен Ош-Ноокат-Кызыл-Кыя жолундагы аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери гана жасалат", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, бул жолдор республиканын ичиндеги каралбай калган жолдордун 2 эле мисалы. Өлкө аймагында жүргүнчүлөр үчүн бир топ ыңгайсыздык жараткан жолдор өтө көп.