ЭЛДИК КАБАР: Кытайга Кыргыз өлкөсүнөн барган айрым оор жүк ташуучу унаалар Үрүмчүгө кире албай жатышат

Кытайга Кыргыз өлкөсүнөн барган айрым оор жүк ташуучу унаалар Үрүмчүгө кире албай жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 1-мартта кабарлады.

"Оор жүк ташуучу унаалар Кытайдын ичинде Үрүмчүгө кире албай жатышат, ал эми өздөрүнүн унаалары кирип эле жатат. Эмне дегенде аларга контейнерлер отургузулган. Кыргыз унаалары брезент менен жабылган. Эки мамлекеттин келишиминде андай пункт көргөзүлгөн эмес. Бажы кызматы киргизип эле жатат, бирок Транспорт кызматкерлери тыюу салып жатат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Үрүмчүгө брезент менен жабылган унаалар өткөрүлбөй жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2017-03-01 12:44:11
Bular tizilp turgan kyrgyzstandykyby
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан