"ЭЛДИК КАБАРга жооп": "Кызыл-Кыядагы тротуардын четиндеги соода орундары алынышы керек" дейт мэрия

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Айбек" базарынын Асаналиев көчөсүндөгү соода орундары алынарын аталган шаардын мэриясынан SUPER.KG порталына билдиришти. Эскерте кетсек, окурман "эмнеге мэрия соода орундардагы столдор алгач окшош болсун деп коюп, кайра алдырып жатат?" деген суроо салган.

"Тротуарда соода жүргүзүүгө болбойт. Шаар шаардай көркү менен болушу керек. Соода орундар кышында эле алынмак, бирок алар "насыяларыбыз бар" дешкенинен убактылуу калтырууну туура көрүп, жазга маал тротуарды бошотушарын эскерткенбиз. Ошондо кызматкерлер, соода жүргүзүшсө да, орундары окшош болсун дешсе керек. Соодагерлер санитардык абалды сактабай, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратышкан. Жакын арада ал орундуктар толугу менен алынышы керек", - дешти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан