Бүгүн, 1-мартта Жалал-Абад облусунун Cузак районундагы Соку-Таш айылынан алыс эмес жердеги адырдан жарака кетип, аралыгы 2 метрге жылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жарака кеткен жердин төмөн тарабында 2 бөлмөлүү турак жай жайгашкан.
“Турак жайга кооптуу абал жаралгандыктан андагы 6 тургун айылдагы туугандарыныкына көчүрүлдү. ӨКМнын Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан айыл аймактын башчысына кооптуу абал түзүлгөн жерди көзөмөлгө алуу милдеттендирилди”, - деп айтылат маалыматта.