КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнө келди

Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун (№4 шаардык оорукана) директору Сабырбек Жумабеков жандандыруу бөлүмүндө жаткан Илим Карыпбековдун абалы менен таанышып, жылыш бар экенин билдирди. Карыпбеков өзүнө келип, эч нерсе эсинде жок экенин айткан. Өзүнөн башка адам жабыркаган же жоктугун сураган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 1-мартта SUPER.KG порталына билдиргендей И.Карыпбековдун ички органдарына операция жасалды. Азыркы тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Белгилүү болгондой И.Карыпбековдун абалы турукташып калды, өз алдынча дем алып, бир аз сүйлөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aigerimosh
2017-03-01 16:44:40
Кечке ойлонгом,жүрөгү токтоп кайра иштеди дегенин эстеп алып.Айыгып кетиңиз,жакындарыңыздын маңдайына.
+7
Djal1987
2017-03-01 17:05:31
aigerimosh,кечиресиз экранды жылдырам деп басылып кетти минус.
0
Satana
2017-03-02 15:39:59
Жакшы болуп кет иним. Тиги дуйнонун бир бурчун коруп келгендей болупсун. Эми чындыкты жашырбай ачык айтып ак иште. атамбайып бурмалап жашырып айт деп кыйнаса анда жумушунду таштап эле кетип кал. Дуйнону болушунча эле жыйыпсын кудайга шугур де
+2
Mers124
2017-03-01 16:53:18
Узун өмүр беесин. Кырсык каш менен кабактын ортосунда экенин билдим. Орто ылдамдыкта келе жатып кулап калыптыр го.
+1
rahat97
2017-03-01 16:56:31
озуно келди дегенди окуп алып сууйунуп кетим жакындарыныздын мандайына бар болунуз
+8
barakcha
2017-03-01 17:10:01
Эми баардык жагынан озуно келсе экен!
+19
bazarzamir
2017-03-01 17:12:26
Эми мындан кийин чындыкты бурмалабай жеткирсин элге!
+22
guzel55
2017-03-01 17:49:53
тезирек айыгып кетсин.
+2
omor.86
2017-03-01 18:15:13
Чындыкты бурмалап,ата мекенди эле жамандай берсе акыр каргыш тиетда,алла эскертуу бериптирда
+11
nemo2016
2017-03-01 20:21:40
Бир олумдон калдым деп аллахка шугур айтып Эми чындык мн курош
+9
Almacom
2017-03-01 23:27:43
Бир тараптуу бергеним учун кудай мага сыноо берди деп ойлонбойтко.Кудай деген адам болсо мындай кылмак эмес болчу буга чейин.Элдин каргышы жаман.
+2
Asem89
2017-03-01 23:59:17
Жакшы кабар, мен да кабатыр болуп жаттым эле. Тезирээк сакайып кетсин.
-1
Biinura
2017-03-02 11:30:51
Аллахка шугур.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан