Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/18 "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы жаңыртылган банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө" токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарыла тургандыгын билдирди.
2016-жылы чыгарылган IV сериядагы жаңыртылган 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттору төмөнкүлөрдү камтыйт:
"Улуттук валютасынын IV сериясындагы жаңыртылган банкноттор, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом банкноттору менен чогуу жүгүртүүдө болот. Бардык банкноттор Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары чыгарылган жылынан көз карандысыз милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.