СУПЕРСТАН: "Жүзүңүз үчүн эң сонун нерселер булар: жөнөкөй тамак, туура уктоо, жайдары маанай жана суу"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен такыр жүзүмө кам көрбөйм, бет май деле албайм".

"Буга чейин бетиме балдарга арналган бет майдан башка эч нерсе койгон эмесмин, маселе болгон эмес, бир да угри деген нерсе чыккан эмес. Эми ойлонуп жатам кандай кылып кам көрсөм деп, бир аз сепкил бар".

"25 жашка чейин жүзүм мени тынчсыздандырчу эмес. Азыр болсо кара чекиттер пайда болуп, бетим кургап, мындайча айтканда, бетимдин териси бузула баштады. Ошол үчүн бетимди биринчи ромашканы сууга кайнатып туруп буулантам, анан жумуртканын агы, сарысы менен маска жасайм. Бетти бууландырганда беттеги майда тешикчелер ачылып, маска жакшы натыйжа берет жана да кара чекиттерди тазалап салуу оңой".

"Менин апам 2 жылдан бери зайтун майын колдонот. Мага дагы колдонуп жүр деп көп айтат".

"Мен дагы зайтун майын колдонуп келем. Бир жумада бир жолу көздүн тегерегине, бетиме, чачымдын учуна да бир аз сүртүп турам".

"Бетиме маска катары кээде жумуртканын агын коём, анан скраб менен жууп турам, лимондун ширесин сууга аралаштырып бетимди жууйм, көк чайды тоңдуруп, муз болгондо сүртөм, кээде сүт менен жууп коём бетимди".

"Мен кымбат бет майларды косметологго барып сатып алдым, самындары жакты, бирок бет май жакпай койду, бетиме сиңбейт. Кийин базардан эле 100 сомдук бет майларды алдым. Эгер күндө сөзсүз түрдө бет май коюп жүрсөңүздөр бет бузулбайт экен. Пилинг да жасаткам косметологго. Азыр кош бойлуумун, 4 айдан кийин так түшүп кетчү эле, азыр түшкөн жок, мурун кош бойлуу болор замат бет май койбой койчу элем, көрсө, коюш керек экен".
"Эртең менен, кечинде бетимди гель менен жууп, тоник менен тазалап, нымдандыруучу бет май сүйкөйм".
"Эң сонун нерселер булар: жөнөкөй тамак, туура уктоо, жайдары маанай, анан суу".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан