"ЕАЭБдин стандартына шайкеш боло турган сертификаты бар лабораториялар жок", - деп бүгүн, 2-мартта парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, лабораториялар тиешелүү убакытта даяр болбойт.
"Биздин фракция өкмөттү чакырып маалымат уктук. Биримдиктин 18 техникалык регламенти бүгүнкү күндө даяр эмес. Техникалык регламентке эт, тамак-аш, сүт азыктар, жеңил өнөр жай жана башкалар кирет. Өкмөт мүчөлөрүнүн бир гана жообу бар экен. Казакстандан же Орусиядан акча күтүп жаткандарын билдирди. Мен чынын айтканда нааразы болдум. Көпчүлүк коалиция ушул боюнча карап чыкса", - деди Төрөбаев.