Бүгүн, 2-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова мектептерде ыйман сабагын бир жумада эки жолу киргизүүнү сунуштады.
"Быйыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандын негизинде адеп сабагын жумасына бир эмес эки жолу өтө турган кылып киргизсек. Анткени улуу муун эмес, жаш өспүрүмдөр ыйман сабагына суусап турат. Улуттук баалуулуктарыбызды жоготуп бараткандайбыз. Ошондуктан 8-класска чейин эмес 11-класска чейин, жогорку окуу жайларга дагы адеп сабагын киргизүү керек", - деди эл өкүлү.