Бакирдин Субанбеков: "Акыркы жылдары баңгизат менен күрөшүүгө көңүл бурулбай жатат"

"Акыркы жылдары баңгизат менен күрөшүүгө көңүл бурулбай жатат", - деп парламентте "Бир бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда бир гана Ички иштер министрлиги күрөшүп жатат. "Себеби баңгизат менен күрөшкөн агенттикти жоюп салдык. Аталган министрлик колунан келген аракетин көрүп жатат. Баңгизатка бөгөт коюу максатында чек ара кызматы, бажы кызматы, билим берүү министрлиги, маалымат каражаттары түшүндүрүү иштерин уюштуруусу керек. Канчалаган биздин жарандарыбыз баңгизаттын айынан чет өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жатышат", - деди депутат.

Депутат өкмөт өкүлүнө алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырма маалымат берүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mr.enriiko
2017-03-02 20:28:16
Молодец же туура айтыптыр. Биринчи Жолу депутатардан туура соз уктум. ЖАКШЫ депутат окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан