Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Каракол шаарынын жолдорунун абалы начар экенин айтты.
Анын айтымында, шаардын тургундары митингге чыгып, жолду жабууга даяр экенин айтып жатышат.
"Жолду транспорт министрлигинин балансына өткөрүп, республикалык бюджеттен оңдоп берүү боюнча шаардык депутаттардан, мэрден кат келди. Каракол Ысык-Көл облусунун борбору, бирок борбордой деңгээли жок. Ушул маселени ар бир жыйында көтөрүп жатам. Бирок өкмөт тараптан жылыш жок", - дейт эл өкүлү.