АКШдагы Саффорд шаарынын Эндрю Кунц аттуу 11 жаштагы жашоочусу аарынын уюгун капысынан бузуп алып, андагы аарылардын чагуусуна туш болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Эндрю досу менен пневматикалык тапанчаны атып ойноп жатышкан. Тапанчанын огу капысынан аарынын уюгуна тийип, топ аарылар учуп чыккан. Бул учурда Эндрюнун досу качып кетүүгө үлгүрсө, ал эми Эндрюнун денесинин 400 жерин аарылар чагып кеткен. Өспүрүмгө жардам берүү үчүн жакын жерде жайгашкан кеңседе отурган өрт өчүрүү кызматкерлери келип, баланы ооруканага жеткиришкен.
Чет элдик маалымат каражаттары маалымдагандай, аарылардын чагуусуна туш болуп, денеси көөп, шишиген Эндрюнун абалы күндөн күнгө акырындап жакшырууда.