Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук администрациясы менен биргеликте борбор калаадагы аялдамаларды оңдоо планын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 35 аялдама комплексин ижарага алгандар өздөрүнүн эсебинен оӊдоо, сырдоо, тазалоо жана айлана-тегерегин жакшыртуу иштерин жүргүзүшүүдө.
"Жакын арада аялдамаларга таштанды челектери жана отургучтар орнотулат. Иштелип чыккан планга ылайык, оңдоо иштери ушул жылдын сентябрь айына чейин аяктайт. Учурда калаанын Чыгыш-5 кичи районундагы, Абдрахманов-Бөкөнбаев жана Москва-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамалар оӊдолуп бүтүү алдында турат", - деп билдирди басма сөз кызматы.