Базар-Коргон районундагы абалды атайын багыттагы күч органдары көзөмөлдөөдө

Базар-Коргон районундагы абалды атайын багыттагы 60тай күч органдары көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын Базар-Коргон районундагы координатору Кубатбек Артыков билдирди.

"Бүгүнкү күндө аба ырайына байланыштуу митингге чыккандардын саны аз болууда. Ош-Бишкек жолунун боюна тигилген боз үйдө учурда 40ка жакын айылдын активисттери бар. Ал эми абалды көзөмөлдөгөн 50дөй милиция, 60ка жакын атайын багыттагы тартип сакчылары аскердик техникалар менен турушат. Жергиликтүү активисттер аба ырайы турукташса Жалал-Абад облусунун борбордук аянтында да митинг өткөрүүнү пландап жатышат. Буга чейин өткөрүлгөн митингге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырсак келбей койду", - деп билдирди Артыков.

Кубатбек Артыковдун маалыматына ылайык, айылдын баатыр энелери Өмүрбек Текебаевди чыгарбаса жакынкы күндөрү ачкачылык жарыялоону айтышууда.

Эске салсак, Базар-Коргон районунун тургундары 27-февралдан баштап митинг өткөрүп, жол тосуу аракетин көрүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shef87
2017-03-02 14:29:11
корогон кайран убакыт иш кылышпайбы андан коро
+1
Aiko_92_29_08
2017-03-02 15:18:03
ХХХ уйдоле отургулачы
+1
Aiko_92_29_08
2017-03-02 15:18:36
Майнап чыкбайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан