Кыргыз жеринин жаратылышын чагылдырган 2 мүнөттүк ролик Улуу Британиядагы National Geographic сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу видеонун автору, саякатчы Тимур Тугалев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Ал видеону өткөн жылдын жай айларында италиялык блоггер Сара Иззи менен тарткан. Тасма "Lost in Kyrgyzstan" деген аталыш менен National Geographic журналы жарыялаган Travel Photography сынагына жөнөтүлгөн.
Ысык-Көл менен Соң-Көлдүн жээгинде, Орто-Токой суу сактагычында тартылган ролик өткөн жылдын октябрь айында көпчүлүктүн назарына коюлган. Сынактын жеңүүчүлөрү 28-февраль күнү Лондондо өткөн National Geographic көргөзмөсүндө белгилүү болду.
"Мен ишене албай турам. Аябай кубанып, силер менен бөлүшүүгө шашылдым. Баарыңарга колдоо көрсөткөнүңөргө рахмат", - деген билдирүүсүндө.