Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын БУУга киришинин 25 жылдыгына карата Антониу Гутеррешке куттуктоо телеграммасын жөнөттү

Президент Алмазбек Атамбаев жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррешке Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна киришинин 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти. Бул тууралуу 2-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетине ыклас мамилеси жана биздин өлкө менен БУУнун ортосунда көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазы экенин белгиледи. Бул жагынан туруктуу өнүктүрүү максаттарына багытталган долбоорлор менен программаларды ишке ашыруу үчүн БУУ менен натыйжалуу өз ара аракеттерди арттырууга Кыргыз Республикасынын берилгендигин айтты.

БУУнун Башкы катчысы өз телеграммасында Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгонунун 25 жылдык юбилейи менен мамлекет башчысын жана кыргыз элин куттуктады.

"Биз электоралдык процесске, дүйнө курулушуна, чыр-чатактарды болтурбоого жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүнү кучагына алган ар кыл чөйрөлөрдө тыгыз кызматташууга жетише алдык. Өзгөчө Борбор Азиядагы превентивдүү дипломатия Регионалдык Борбору жана БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү менен жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдиргим келет", - деп айтылат телеграммада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан