Чолпон-Ата шаарындагы "Раппопорт" аллеясын калыбына келтирүү иштери башталды

Чолпон-Ата шаарындагы "Раппопорт" аллеясын калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу 2-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда облус башчысы Асхат Акибаев архитекторлор, токой чарбаларынын жетекчилери жана Ысык-Көл районунун жетекчиси менен жолугушууда аталган маселени талкуулаган.

Акибаев аллея ар түрдүү фестивалдар өтүүчү ири маданий эстетикалык комплекс болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле аймакта туристтерди тартууда потенциал жогору экенин кошумчалады. Өкүлчүлүк билдиргендей "Раппопорт" аллеясына көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Эске салсак, өткөн жылы Ысык-Көлдүн Тамчы-Корумду жолун кеңейтүү максатында Чолпон-Ата шаарындагы "Раппопорт" аллеясындагы 200 түп терек кыйылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seryi-Kardinal
2017-03-02 15:40:51
uwunu kyibai ele 2 storonnyi kylyp koiso bolboi bele
+2
ekaterinburg
2017-03-02 18:38:01
Кооз болчу чынында...Кайра ошентип тиккиле кочотторду.Чолпон-Атанын "визитная карточкасы"болчу да ал аллея.
+1
tursunbaev78
2017-03-02 20:38:16
Кыргызча аттар түгөнүп калганбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан