Ош облусундагы Араван районунда балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны жыл башынан бери 42ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Медет Аскаров SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, баласын медициналык эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны жылдан жылга өсүп жатат.
“Мен өзүм кызыгып, байкап көрсөм ата-энелердин мындай кадамга баруусунун башкы себеби – алардын ишенимдеринен улам болуп жатат. Интернеттин жана түрдүү диний агымдардын таасири деп ойлойм. Кээде ата-энелер менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бирок натыйжасы жакшы эмес. Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерден “илгеркилер мындай эмдөөлөр жок эле жашашкан, анда чочконун иммунитети бар экен, ал арам” деген жоопторду угабыз. Кээде ата-энелер менен бир саатка чейин сүйлөшүп, пикирин өзгөртүүгө таасир бере албай койгон учурлар болот”, - дейт Медет Аскаров.
Ал кошумчалагандай, район боюнча жыл ичинде балдарын медициналык эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 300гө жакын.