Авиакырсыктан жабыркагандарга чогулган акча атайын комиссия түзүлүп, элдин катышуусу менен таратылып берилет. Мындай маалыматты бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
"Үч күн мурун жабырлануучулар менен жолугуп макулдаштык. Он күндүн аралыгында чогулган каражатты качан таратып берерибиз тууралуу чечим кабыл алабыз. Элдин катышуусу менен комиссия түзүлүп, алардын катышуусунда эсепке түшкөн акча таратылып берилет", - деп билдирди Кубатбек Боронов.
Маалыматка ылайык, авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебиндеги каражаттын суммасы бүгүн, 2-мартта саат 15:00гө карата 94 миллион 637 658 сом болду.
Эске салсак, чогулган каражат 28-февралга карата 93 миллион 238 756 сомго жеткен.