Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинде жасалган продукциялар ЕАЭБ өлкөлөрүндө гана эмес, Европалык рынокторго да чыгышы керектигин айтты

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-мартта, "Мода индустриясы:буюмдар жана жабдуулар-2017" 11-Эл аралык көргөзмөдө "Кыргыз жеринде жасалган" бренди менен чыгарылган продукциялар ЕАЭБ өлкөлөрүндө гана эмес, Европалык рынокторго да кеңири чыгууга тийиш", - деди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Биз сиздер менен бирге өлкөнүн тигүү жана текстиль тармагын дагы өнүктүрүшүбүз керек. ЕврАзЭС жана Вьетнам ортосунда эркин соода аймагы тууралуу макулдашуулар күчүнө киргенде дагы жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ошол эле убакта атаандаштыкка туруктуулук үчүн болгон күрөш күч алат. Орусия, Казакстандын рыногунда кеңири тараган “Made in Kyrgyzstan” бренди менен чыгарылган продукциялар ЕврАзЭС өлкөлөрүндө гана эмес, Европалык рынокторго да кеңири чыгууга тийиш", - деди Жээнбеков.

"Бүгүнкү көргөзмө-жарманкеси – ата мекендик тигүү жана текстиль продукцияларын демонстрациялоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жеңил өнөр жайынын көргөзмөлөрүн жер-жерлерде дагы көбүрөөк уюштуруу керек. Алар биздин өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын өлкө ичинде кеңири жайылтууга жана сырткы рынокко чыгарууга чоң жол ачат", - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр көргөзмөгө коюлган кездеме жана тигүү тармагындагы түрдүү продукцияларды көрүп чыкты. Анда 50дөн ашык ата мекендик жана 6 чет элдик ишканалардын 300гө жакын ар кандай продукциялары коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан