Мындан 170 жыл мурун, 1847-жылы 3-мартта телефонду ойлоп тапкан америкалык окумуштуу Александр Белл (теги шотландиялык) Шотландиянын Эдинбург шаарында туулуп, 1922-жылы 2-августта 75 жашында каза болгон. Ал "Bell Labs" компаниясын түзүп, АКШнын байланыш тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын эң белгилүү ойлоп табууларынын бири болуп телефон (1876) эсептелет. Бирок окумуштуунун илимий эмгектеринин көп бөлүгү дудук-дүлөйлөрдүн пикир алышуусунун куралдарын жакшыртууга багытталган. Кулагы укпаган жана дудук балдарга лекцияларды окуп, сүйлөөгө үйрөткөн.
3-мартка карата жылнаама