Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда бүгүн, 3-мартта Кыргыз аялдарынын улуттук форуму өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Форумга Бишкектеги парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, БУУнун агенттиктери, жогорку окуу жайларынын студенттери катышышат. Иш-чаранын максаты - коомдун социалдык турмушунун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын ролун күчөтүү гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдардын саламаттыгы, укуктары, балдардын билим алуусу жана студенттер менен тажрыйба бөлүшүү. Форумда ийгиликтүү ишкер айымдар ийгилигинин сыры менен бөлүшөт, эрте турмушка чыгуунун алдын алуу менен алектенгендер студенттерге өз иши тууралуу айтып беришет. Соңунда катышуучулар У.Салиеванын эстелигине гүлчамбар коюшат.