3-март дүйнөлүк тубаса жүрөк кемтигинин алдын алуу күнүнө карат Бишкекте бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги акция өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышат. Анда ден соолук бурчу уюштурулуп, каалоочулар кан басымынын, денесинин массасынын индексин, өпкөдөгү газдын деңгээлин, кандагы канттын деңгээлин текшерте алышат. Мындан сырткары байытылган ундан жасалган таттууларды сатып, түшкөн каражатты тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган балдарды колдоого берүү пландалууда. Акциянын максаты орчундуу көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу, алдын алуу боюнча ата-энелерге маалымат берүү.