Талас жана Чүй облустарынын жеке ветеринарлары үчүн окутуулар өткөрүлүп, алар малды дарылоодо өздөрүнүн тажрыйбаларын жакшыртып жатышат. Бул тууралуу 2-мартта Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окутуулар Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашып жаткан “Мал чарбачылыгын жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында жана өлкөнүн ветеринардык кызматынын потенциалын жакшыртууга колдоо көрсөтүү негизинде өткөрүлүп жатат. Ага 300дөн ашык ветеринарлар катышат. Негизги максаты – жаныбарлардын оорусун дарылоодо ветеринардык адистердин квалификациясын көтөрүү ветеринар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендиги туурасында маалымат берүү болуп саналат.
Ветеринардык палатанын директору Кубат Маматкуловдун айтымында, окутуулардын негизги максаты айыл аймагындагы эпизоотикалык кырдаалда жеке ветеринарларга жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү. “Жаңы мыйзам боюнча мамлекет жеке ветеринарларга жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча функциясын өткөрүп берген. Албетте, билимге жана кесипкөйлүккө болгон талап жогорулайт”, - дейт Маматкулов. Окутуу иш-чарасын Ветеринардык палатанын мастер-тренери, ветеринария илимдеринин доктору Манас Бабакулов жана Айыл чарба илимдеринин доктору Абдыганы Абдрасулов өтөт.