Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысына айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Экологиялык жана коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысынын курулуш иштерин жүргүзүүгө мыйзамсыз уруксат бергендиги үчүн 20 000 сом айып салынды.
"Башкармалыктын ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда Масы айылында курулуп жаткан “Ноокен” тойканасынын долбоорун туура эмес чийип, куруу иштерин жалпы пайдалануу жерлерине мыйзамсыз уруксат берилгени аныкталды. Аталган факт боюнча акт толтурулуп, Ноокен районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы А.Оморовго 20 000 миң, ал эми курулуш имаратынын ээсине 5 миң сом айып салынды. Учурда мыйзамсыз курулушту буздуруу аракети көрүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.