Кыргыз жеринде таза суунун сапатынан кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу 2-мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде адистер билдиришти.
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Нарынбек Казыбаев суунун курамын текшерүүдө колдонула турган атайын бирдиктүү нормалар бар экенин, аны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бекиткенин айтат. Департаменттин дагы бир адиси Бүбүжан Арыкбаеванын билдиришинче, суунун сапатын изилдөө суу сактагычтарда күнүгө эмес, саат сайын жүргүзүлүп туруш керек. Бирок буга бардыгынын эле мүмкүнчүлүктөрү жете бербейт. Бул жагынан эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүүдө. Мектептерде сууну кайнатып колдонууну сунуштаган долбоорду ишке ашырууда.