Талантбек Батыралиев: "2016-жылы Кыргыз жарандарынын орточо жаш курагы 70 жашка жетти"

2016-жылы Кыргыз жарандарынын орто жаш курагы 70 жашка жетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта КСДП фракциясынын жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, 90-жылдары Кыргыз жарандарынын орто жаш курагы 68 жашты түзгөн.

"2016-жылдагы статистикалык маалыматтарга ылайык, жарандардын орточо курагы жогорулады. Эркектердин жашы 4 пайызга, аялардын жашы 3 пайызга узарды. Аялдар эркектерге караганда 7 жашка көп жашай турганы белгилүү болду", - деди министр.

Батыралиев энелер менен балдардын өлүмү кыйла кыскарганын белгиледи.

Учурда аталган фракциянын жыйынында Саламаттыкты сактоо тармагынын абалы талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан