Ош шаарында жолдошу таштап кеткен келин 2 наристеси менен жардамга муктаж болууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дариха Асылбекова билдирди.
"Биздин борборго Н.Жолдошева аттуу келин бир жума мурда эки баласы менен кайрылды. Аларды үй-бүлө башчысы - атасы таштап кетиптир. Учурда балдардын улуусу 2 жашта, кичүүсү 2 айлык. Апасынын иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Жардам бергенге бир туугандары да жок экен. Кайын журту карабай коюптур. Бизге келген келин наристелерин балдар үйүнө таштап кетерин айтты. Бирок биз ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзү карамай болду. Бирок биз коомчулукка кайрылып, жалгыз бой энеге жардам берүүсүн сурайбыз", - деп билдирди Асылбекова.
Маалыматка ылайык, Н.Жолдошева Ош облусунун тургуну. Ал 27 жашта. Жолдошу аларды таштап Орусияга кетип калган.