Жогорку Кеңеш 560 миң сомго дарбаза сатып алууга тендер жарыялады. Маалымат бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. Ага таянсак, 2 даана темир дарбаза алынмакчы, жарыяланган сумманын ичине дарбазаны жасоо, жеткирүү, орнотуп берүү иштери кирет. Катышууну каалагандар 4-апрелге чейин документтерин тапшырса болору маалымдалды.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап, жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратып, нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарган. 2016-жылы креслолор баары бир сатылып алынды. Бирок креслолор донорлордун акчасына сатылып алынганы, бюджеттен эч кандай каражат жумшалбаганын билдирди Жогорку Кеңештин аппараты.
Ага чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын дээрлик 5 миллион сомго жаңы килем сатып алганы да талкууга алынган.