“Саламаттыкты сактоо тармагында иштегендер “сизге бирөө менен же диктофон менен кириш керек” деп айтып жатышат. Анткени сиз айткан сөзүңүздөн кайтып, моюнуңузга албайт экенсиз”, - деп КСДП фракциясынын жыйынында депутат Асел Кодуранова саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылды.
"Мына бүгүнкү жыйында сиздин дарегиңизге депутаттар тарабынан көп сын айтылды. Сиз иштегенден кыйналып кетсеңиз, кызматтан кетүү арызын жазуу боюнча ойлонуңуз", - деди.
Министр болсо кабинетинде камера орнотулганын айтты. Ошондой эле журналисттерге, жарандардын баарына ачык экенин билдирди.
Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйынында саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу талкууланууда.