Талантбек Батыралиев: “Быйыл Бишкек шаардык гинекологиялык ооруканасында жаӊы акушердик орундар ачылбайт”

Быйыл Бишкек шаардык гинекологиялык ооруканасында жаӊы акушердик орундар ачылбайт. Бул тууралуу парламентте КСДП фракциясынын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Аталган фракциянын депутаты Альфия Самигуллина азыркы учурда туулган балдардын саны көбөйүп, ооруканаларда орундар тартыш болуп жатканын белгиледи.

"Бишкек шаардык клиникалык оорукана бар. Ал мурда №3 төрөт үйү болчу, мен ошонун базасында акушердик орундарды ачууну сунуштагам. Ал үчүн кошумча 10 миллион сом талап кылынат. Бюджетте каражат каралдыбы?" - деп эл өкүлү суроо берди.

Батыралиев азырынча министрликтин бюджетинде мындай каражат каралбаганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан