Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында туунун 25 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиршти.
Маалыматка ылайык, “Желбирей бер, эркиндиктин желеги” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаардык мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңешинин депутаттары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
"Иш-чаранын жүрүшүндө жаш активисттер тарабынан даярдалган концерттик программа көрүүчүлөргө тартууланды. Анда сергек жашоого үндөө менен велосипедчен жаштар туу кармап жүрүш жасашты. Ошондой эле флешмоб уюштурулуп, жаштар өлкөнүн картасын көрсөтүп тизилишти", - деп билдирди басма сөз кызматы.