Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору менен жолукту

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолукту. Жолугушуу Мамлекеттик туунун 25 жылдыгына карата болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы туунун авторлорун маанилүү күн менен куттуктап, алардын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына кошкон салымын баса белгиледи.

"Биз өз тарыхыбызды жана салтыбызды баалайбыз, бүгүн суверендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы маанилүү күндү – Мамлекеттик туунун бекитилгендигинин 25 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кыргыз Республикасынын желеги мамлекеттин символу, сынакка келген 600дөн ашык эскиздердин арасынан тандалып алынган. Авторлор өз ишинде философиялык өзгөчөлүктөрү менен айырмалана алды. Мамлекеттик туу өзгөчө мааниге ээ – бул жөн гана сүрөт эмес, сыймыктануунун, эрктүүлүктүн жана чыныгы атуулдуктун белгиси", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Желектин авторлору өкмөткө ушундай маанилүү күндө аларга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

"Биз дайыма сыймыктанабыз, желек – эгемен өлкөнүн символу, биз үчүн бүгүн салтанаттуу күн. Биздин жумуш үч айдан ашык убакытка созулган. Бизге ишенип жоопкерчиликтүү жумушту тапшырган соң – мамлекеттин бүткүл дүйнөгө көрсөтө турган символун, жүзүн иштеп чыгуу оңой болгон жок", - дешти туунун авторлору.

Жолугушууда туунун авторлоруна эгемен өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө кошкон салымы үчүн аларга карата көрсөтүлгөн колдоолору тууралуу да сөз болду. Жолугушууга келгендерге Кыргыз Республикасынын премьер-министринин ысымы жазылган сааттар ыйгарылды. Сооронбай Жээнбеков желектин авторлоруна бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Маалымдама: Мамлектетик туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Желектин авторлору – Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров жана Маматбек Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан