Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Элдик парламенттин" мүчөлөрүнүн иши боюнча сот өтөт. Бүгүнкү отурумда аларга карата сот өкүмү чыгары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан. Алар 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган.