ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: 92 жыл мурун Караколдо Кыргыз мамлекетиндеги алгачкы аялдардын клубу түзүлгөн

Мындан 92 жыл мурун, 1925-жылы 8-мартта Кыргыз мамлекетиндеги биринчи аялдар клубу Каракол округундагы Талды-Суу айылында уюштурулган. Клубда мектеп, медициналык кеңеш иштеп, делегат аялдар менен кызматташып, аларды клуб ишмердигине тартуу аракети башталган. Жергиликтүү кыргыз кыз-келиндери драмалык ийрим ачышып, элдик кол өнөрчүлүктү аркалап жүргөн уздар үчүн атайын артель уюштурулган. Талды-Суудагы клуб аялдардын башын кошуп эле тим болбостон, жергиликтүү дыйкандарга практикалык жардам көрсөтүп да турган.

8-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан