Аксылык 28 жаштагы 7 баланын энесине "Баатыр эне" наамы бериле элек

28 жаштагы Акбарчын Самарбек кызы 7 баланын энеси "Баатыр эне" наамын албай келет. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тегене айылында өмүрлүк жолдошу Келсинбек Өмүркулов, балдары жана жолдошунун ата-энеси менен бирге турат. Акбарчын Самарбек кызы жолдошуна 18 жашында турмушка чыккан. Өзү 5 бир тууган, ал эми Келсинбек Өмүркуловдун 11 бир тууганы бар. Кайын энеси 79 жашта, "Баатыр эне" наамынын ээси.

"Биз кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Баш кошконубузга он жылдан ашты. 4 уул, 3 кыздуу болдук. Эң улуу уулубуз 4 класста окуйт, ал эми эң кичүү кызыбыз 3 айга толду. Балдарыбыздын баары удаа төрөлгөн. Учурда балдарга жөлөк пул алабыз", - дейт Келсинбек Өмүркулов.

Бул үй-бүлө негизинен мал чарбачылык менен алектенет. Жайкысын айылдаштарынын малын чогултуп, жайлоого чыгышат.

7 баланын энеси "Баатыр эне" наамын алуу үчүн буга чейин айыл өкмөткө керектүү документтер менен кайрылганда, эң кичүү кызы 1 жашка толгондон кийин наам бериле тургандыгын түшүндүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dina1983-19
2017-03-09 12:40:45
Молодец кыргыздын мусулмандын санын кобойтобергиле
+6
Erlan_95
2017-03-09 12:41:13
Оа бергиле 6балалууларга да бериш керек деп ойлойм
+6
guli-1980
2017-03-09 15:50:07
Эн кичуу баласы 1 жашка эмес 12жашка толсо берилет. Азыр эле закон озгоруп кеткен болбосо
-3
aerforce
2017-03-09 15:53:17
Азамат 7 бала ото жакшы бирок 28 жаштан улуу корунуп калат экен аябай
-2
souza.j
2017-03-09 17:17:08
"Баатыр эне"наамы эн кичинеси бир жашка чыккандан кийин берилет. Мыйзамы ошондой.
+1
jamilya03
2017-03-09 17:24:52
Дааа дагы планда канча болду экен.
+1
nur_zhoni
2017-03-10 00:24:22
Эмнеге менин апама берилген эмес бизда 7 бир тууганбыз эн кичуубуз 6кл окуйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан