Биз социалдык тармакта

Улан Сариев парламентте Wildberries`тен ишкерлерге кенемте өндүрүү маселесин көтөрдү (видео)

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Улан Сариев Экономика жана коммерция министрлигинен Wildberries компаниясына байланыштуу жабыркаган кыргызстандык ишкерлерге кенемте төлөө маселесин чечүүнү талап кылды.

"Экономика министрлигине сунуш эмес, талап иретинде айтам. Биздин жеке ишкерлердин укугун жакшылап коргоп бериңиздер. Анткени кээ бирөөнүн акыркы акча каражаты экен. "Азыр сызга отуруп калдык" деп көп жарандар кайрылып жатышат. Бул жерде биз түшүнүп жатабыз, Wildberries'тин эч кандай күнөөсү жок. Бирок биздин жеке ишкерлердин да күнөөсү жок. Алардын мыйзамында кенемте төлөп берүү каралган. Ошого катуу туруп, биздин жеке ишкерлерге кандайдыр бир жардам берилиши керек",- деди Сариев.

Белгилей кетсек, Wildberries компаниясынын Орусиядагы кампаларына дрондор менен чабуул жасалгандан кийин Экономика министрлиги кыргызстандык ишкерлердин чыгымдарын компенсациялоо маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Бирок маселе азырынча чечиле элек.

Сариев экономика министрлигине Wildberries маселеси боюнча талап койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан