
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси
Дайырбек Орунбеков жаштарды энергетикалык суусундуктарды ичпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-октябрда соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Орунбековдун айтымында, ал дем алыш күндөрү тоого чыгып, бир жылдан бери спорт менен активдүү алектенип келет. Ошол учурда тоого чыккан жаштардын көпчүлүгү энергетикалык суусундуктарды ичип баратканын байкаган.
"Бул суусундукту көпчүлүгү “энергия берген суусундук” деп ойлошот. Тилекке каршы, андай эмес, тескерисинче ден соолукту жабыркатып жатканын эске алышпайт. Энергетикалык суусундук – жүрөктүн кагышын бузуп, кан басымын жогорулатып, кант диабетин жаратып, гастрит, уйкунун бузулушун, нерв системаларынын ашыкча козголушун жаратат. Ошондуктан, ата-энелер, балдарыбызды карап, маалымат берип койгонубуз ашыкча болбойт", - деп жазды ал.