Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бангладештин тышкы иштер министринин орун басары Асад Алам Сиамды кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Бишкек шаарында өтүп, анда Кыргызстан менен Бангладештин эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, маданий-гуманитардык алакаларды активдештирүү жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны чыңдоо маселелерине көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.