Майрамдык гүлдестелер. Түстүү роза көрдүңүз беле? (фото)

Бүгүн, 8-Март - Эл аралык аялдар күнүндө колунда белектерди кармап, көтөрүңкү маанайдагы аялзатын чайыттай ачык асман да сүйүндүрүп жатат.

Учурда майрамдык гүлдестелер гүл дүкөндөрүндө гана эмес, көчөлөрдө да сатылып, бардык тургундардын жакшы маанайына себеп болууда. Алардын баалары 150 сомдон баштап, дүкөндөрдүкүнө караганда арзан. Сатуучулардын бири Өзгөнбек Ортоков майрам сайын гүл сатып иштейт. Ал бул күнү өтө жакшы киреше түшөрүн айтып, кайсы гүлдү кимге берүү ылайыктуу экенин кошумчалай өттү:

"Негизи 8-Март жоогазын гүлдөп калган күн. Аны энелерге, кесиптештерге, досторго берсе жакшы, ал эми сүйгөн кыздарына - роза. Хризантемаларды 40 жаштан өтүп калган эжекелерге берген ыңгайлуу, жакшы көрүнөт. Лилия гүлү эң кымбат гүл, 450 сом турат. Муну көбүнчө жетекчилерге, кадыр-барктуу адамдарга беришет. Альстромерия гүлдөрү көпкө турат, артисттерге, туугандарга бергенге ылайыктуу".

Дүкөндөрдүн биринде түстүү розаларга күбө болдук. Сатуучулар боёк менен мындай өзгөчө розаларды сатыкка чыгарышарын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Girl1996
2017-03-08 16:37:49
мага да өткөн жылы беришкен,көк түстөгү роза
0
Ykybalym
2017-03-08 17:01:20
Боёк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан