Бүгүн, 8-Март майрамында борбор калаанын көчөлөрү эс алуучуларга гана эмес, майрамга карата жумушка чыккан соодагерлерге, сатылган гүлдестелерге кезекке тургандарга, сүрөтчүлөргө, укук коргоо кызматкерлерине, бул күнгө арналган акциялардын катышуучуларына бай болду.
Соодагерлер бул күнү көп киреше табышса, кинотеатрлардан, кафелерден кардарлар үзүлбөйт.
Түшкө чейин эле шаардын борбордук көчөлөрү, сейил бактары үй-бүлөсү, курбулары, классташтары, группалаштары менен майрамдаган ушул күндүн күнөөкөрлөрүнө толуп, алар үчүн ар кандай оюн-зооктор уюштурулду. Эки-экиден жетелешкен, бактылуу жаштарды да көп кезиктирүүгө мүмкүн.
Майрамдык маанай, жагымдуу аба ырайы борбор калааны кубанычка бөлөп турган учур.