SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эне, сага кандай мактоо жарашат? Эне, сенден ким сыймыкты талашат" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эне - бул дүйнөдө ар кандай асыл таштан, алтындан, миллиондогон акчадан кымбат. Биз жаман адамга айланып, кылмыш, күнөө иштерди кылсак, бизден баары жүзүн тескери буруп кетет. Бир гана энебиз бизден жүзүн бурбайт. Апам бизди кичинебизден эч нерседен кем болбосун деп тытынып иштеп, өзү кийинбей бизге берди. Көп жылдан бери талаалап жүрөм. Ата-энеме деп белек-бечкекке акча берсем, сөзсүз чоң агамдын үйүнө азык-түлүк алат экен. Аны эч кимге айтпайт. Эненин жүрөгү дайыма бала деп согот тура. Ушулар да биз жеген нерсени жесин деп тамагынан өтпөйт экен. Бир жолу катуу ооруп калдым. Апам мени менен кошо ооруп, жанымдан жылбай жаш баладай карап чыкты. Колума көтөрүп жүргүм келет. Бирок турмуш экен, белек-бечкек беримиш болобуз да, өз турмушубуз менен кетебиз".
"Меним апам 7 жашымда рактан көз жумган, арманым күч болуп чоңойдум. "Апа" деген сөздү аябай айткым келчү, эркелегим келчү, бирок кимге? Классташ кыздарыма, коңшуларыма карап "кандай бактылуу..?" деп ичим күйчү. Азыр Кудайдан мага узун өмүр, ден соолук беришин сурайм балдарым үчүн, булар мендей азап тартышпасын дейм".
"Менин Апам… Ал киши өтө мээрман, өзү ачка болуп жатса да, "жеп ал, мен токмун" дейт. Ал киши өтө сезимтал, ички дүйнөмдөгү буркан-шаркан нерсени жылмайып да болсо жашырып жатсам, "эмне болду, кызымка?" деп, баарын көзүмдөн баамдап турат. Ал киши өтө билерман, мен билбеген нерсени "бул кандай болот?" десем, баарын түшүндүрүп берет. Ал киши өтө ак көңүл. Баарына бирдей мамиле кылат. Ал киши чыныгы момун. Эч кимге зыяны жок. Мен сыймыктанам, ушул Жандын жолун улоочу болгонума! Эки дүйнөнүн жакшылыгын, берекесин берсин, Жаратканым! Өмүрүн берсин! Ал киши мага өтө керек!".
"Кышында бүрлөп, гүлдөгөн апам,
Кыйшайсам оңдоп-түздөгөн апам.
Кайда мен тентип барбайын алыс,
Жүрөгүм дайым сиз менен, апам".
"Жаңы эле апамдын жанынан келсем да сагындым апакемди, Жаратканга миң мертебе шүгүр айтам апакемдин амандыгына. Буюрса, тилегим - сизди жакшы келиндүү кылып кубантсам. Апаке, мен сизди жакшы көрөм, жок, мен сизди жанымдан артык көрөм, сүйөм, энеке!"
"Энелер аман болсун, энелер жөнүндө айтса сөз түгөнбөйт. Алар бизге эч кимде жок мээримди тартуулайт. А бирок акысына кайра эле биздин өмүрүбүздү тилейт. Бар болуңуз, апа! Бар болуңуздар, энелер!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.