Мындан 83 жыл мурун, 1934-жылы 9-мартта тунгуч космонавт Юрий Гагарин Орусиядагы Смоленск облусунун Гжатск районунун Клушино деген айылында туулган. 1951-жылы Люберцы шаарында кесиптик окуу жайын,1955-жылы Саратов курулуш техникумун жана ошол эле шаардагы аэроклубдун курсун бүткөндөн кийин Чкалов атындагы аскер авиациялык окуу жайынан (1955-1957-жылдары) окуган. Кийин Түндүк флотунун авиациялык бөлүктөрүндө кызмат кылган. Тайманбас, таланттуу учкуч катары 1960-жылы космонавттар отрядына кабыл алынат. Юрий Гагарин 1961-жылы космодромго келип, ракетаны ааламга алып чыгуучу жабдуулар жана "Восток" космос корабли жасалган заводунда, космодромдо толук сыноодон өтөт. Башкы констуктор Сергей Королев учууну 12-апрелде (Москва убактысы боюнча 9 саат 7 минутада) бекитүү жөнүндө мамлекеттик комиссиядан өтүнгөн. Комиссия "Восток" космос кемесинде биринчи болуп ага лейтенант Юрий Гагарин уча турганын жарыялаган. Ошентип ал күнү Юрий Гагарин космоско учуп, тунгуч космонавт катары адамзат тарыхында калган. Юрий Гагарин 1968-жылы 27-мартта дүйнөдөн кайткан.
9-мартка карата жылнаама