Бүгүн Бишкекте Текебаевдин тарапташтары митинг өткөргөнү жатышат

Бүгүн, 9-мартта саат 13:00дө Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөргөнү жатышат. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдиришти. Маалым болгондой, бүгүн саат 16:00дө Бишкек шаардык сотунда Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралмакчы.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Текебаевдин баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ekaterinburg
2017-03-09 09:06:21
Митинг отсо тынч отсун,куноосу барлар жазасын алсын!Карапайым эл ортодо жабыр тартып калбасын да.
+14
engel
2017-03-09 09:21:19
Ooba,kununo 1000somdon berip alyp ketip jatyshat go mitinge. Bekerchiler kete beret da
+3
meni_kut
2017-03-09 10:00:02
жанын кыйнабай кыйкырып коюп,1000 сом табыш оной го, кимди болсо деле боштондук деп кыйкыра беришет.Текебаев карыды,китеп окуп небере жыттап уйундо отурса болчудай.Карыганда калжандап Отунбаева экоо дагыле бийликке умтулушат.
-7
Dadin2
2017-03-09 10:14:48
meni_kut, Текебаев Окмотто олтурган кээ бир адамдарга караганда жаш, биографиясын окуп койсон жок дегенде. Коп ойлонгон, башы менен коп иштеген адамдын чачы агарып кетет ошондой болуп.
-2
Mers124
2017-03-09 11:06:16
Текебаевдин орду парламентте. Өрдөк жокто чулдук бий болуп, сдпкнын депутаттары оюна не келсе ошону сүйлөй баштады
-2
nuke1988
2017-03-09 11:11:21
Mers124,ошондой болуп калды мискинбай бадренге не бар деймда он адам чыкса 20 адам алып чыгам деп митинге
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан